• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акция өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акция өтөт.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүндө (7-апрель) Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзүнүн негизделгендигинин 75 жылдыгын жана Кыргызстанда БДСУнун Өлкө кеңсесинин 30 жылдыгын белгилейт

Акция 5-апрелде саат 16:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарындагы Эмен сейил багында Курманжан Датканын эстелигинин жанында өтөт.

Акциянын алкагында спорттук иш-чаралар, оюндар жана конкурстар пландалган.

Акция учурунда каалоочулар сергек жашоо мүнөзү, тамеки тартуудан баш тартуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча консультация алышат, артериялык кан басымды өлчөтүп, АИВге экспресс-тесттен өтүшөт, кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин баалап, ошондой эле В гепатитине каршы эмдөө ала алышат.

Акциянын жүрүшүндө жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ыйгаруу менен “Сергек жашоо мүнөзү” видеороликтеринин конкурсунун жыйынтыгы жарыяланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий