• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Lexus токтоп турган үч унааны, андан соң бакты сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерде көз жумган

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө 4-мартта саат 04.10 чамасында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Lexus LX 470 үлгүсүндөгү унаанын 1953-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай токтоп турган үч унааны – Toyota Land Cruiser, Honda Stepwgn жана Audiни, андан соң бакты сүзгөн.

Жыйынтыгында джиптин айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Териштерүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий