• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте милиция окуучуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бишкекте милиция окуучуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери орто мектептердин 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучуларына жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жолугушуу учурунда балдар үчүн чыгарылган анимациялык сүрөттөр чагылдырылган журналдар көрсөтүлүп, балдардын ойлонуусуна жана жол белгилерин эстеп калуусуна түрткү берген сүрөттөр таратылды.

Андан сырткары, алгачкы класстын окуучулары менен үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кеткенге чейинки аралыкта өзүнүн коопсуздугун кантип сакташ керек, жөө өтмөктөн кайсыл учурда өтүш керек жана жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу маалымат берилди.

Бишкек шаары боюнча 101 жалпы билим берүүчү орто мектепке 148 кызматкер бекитилип, эрте мененки убакта мектептин айланасында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий