• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте мончо жана ден соолукту чыңдоочу комплекс курулат

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Бишкекте мончо жана ден соолукту чыңдоочу комплекс курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда комплектин пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Курулуштун жалпы аянты 9174,51 м3. Анда жер төлөөсү мене эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо 240 орунга ылайыкталган: эркектерге-120, аялдарга-120 орун.

Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган. Долбоорду «Нур-Строй-Групп» ЖЧК уюму иштеп чыккан. Учурда падрядчы «Лидер Хаус К.К.» ЖЧК менен курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүлдү. Казуу иштери бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий