• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте «Өнөрдүн көркү - саймачылык» аттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда Нооруз майрамына карата кыргыз элинин маданиятын, үрп-адаттарын, салтын жайылтууга арналган «Ѳнѳрдүн кѳркү - саймачылык» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, кыргыз маданияты, кол өнөрчүлүгү, чеберчилиги, нарк-насили, салт-санаасы инновациялык өнүгүүгө зор салымын кошуп, элдин жашоосунун ажырагыз бөлүгү болуп каларына терең ишенерин билдирди.

Иш-чарада сайманын түрлѳрү боюнча баяндама жасалып, мастер-класстар өткөрүлдү.

Мындан сырткары, кыргыз улуттук кийимдеринин мода көрсөтмөсү жана сайма сайылган буюмдардын кѳргѳзмѳсү уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий