• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте улгайган жарандарды социалдык жактан камсыздоо чаралары талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Тармакка кирген өлкөлөрдө муктаждыктарга баа берүүдөн баштап, активдүү картаюу саясатын калыптандырууга чейин” аттуу конференциясында сүйлөп жатып, ведомство аркылуу улгайган жарандар кандай кызматтарды алаарын айтып берди.

Анын айтымында, пенсиялык камсыздоого укугу жок улгайган жарандар социалдык жөлөкпул алышат. Жөлөк пулдун көлөмү өткөн жылдан бери эки эсе көбөйтүлдү.

"Интернаттарда жашаган улуу муундагы адамдардын тамак-ашка болгон акчалай нормасы эки эсе көбөйтүлдү. 916 үйдөгү социалдык кызматкерлер 4 082ге жакын жалгыз жашаган улгайган жарандарга акысыз үй кызматтарын көрсөтүшөт. 1,8 миңге жакын карылар мамлекеттик социалдык заказдын алкагында каржыланган долбоорлор аркылуу ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү алышат", - деп билдирди министр улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат жөнүндө айтып жатып.

Конференцияга министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Армения, Беларусь жана Грузиянын эксперттери катышууда.

Иш-чаранын максаты Кыргызстанда жана эл аралык геронтологиялык тармактын катышуучу-уюмдарында узак өмүр сүрүү саясатынын Концепциясын натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Гүлнара Баатырованын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 65 жаш курагынан өткөн калкынын саны 5,4% түзөт.

"Бирок БУУнун божомолдору боюнча 2030-жылы Кыргызстанда 65 жаш жана андан өткөн курактагы улгайган адамдардын үлүшү 7% га жакындайт. Кыргызстанда улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат адам укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ратификацияланган эл аралык келишимдерге, Конституцияга жана КР мыйзамдарына ылайык өткөрүлөт жана туруктуу өнүктүрүү максаттарынын "эч кимди артта калтырбоо" негизги милдеттенмесине басым жасоо менен жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Конференциянын катышуучулары жигердүү узак жашоого багытталган Улуттук стратегиялык программаларды илгерилетүү жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбалар менен алмашышты.

Конференциянын жыйынтыгы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен тармакка катышкан өлкөлөрдө активдүү карылык программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча иштелип чыккан иш-чаралардын планы болот. Тармактын мүчөлөрүнүн корутунду чогулушу 2-ноябрда өтөт.

Конференцияны Эмгек министрлиги, "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмеси, эл аралык геронтологиялык AgeNet Интернейшнл тармагы, Борбордук Азиядагы Америка университети менен биргеликте Кыргызстандагы БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун колдоосунда уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий