• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды, - деп маалымдайт Милициянын кайгуул кызматы.

Билдирүүгө ылайык, кайгуул кызматкерлери 28-октябрда болжол менен саат 18:50дө Сухэ-Батор көчөсүнөн жол эрежесин бузган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 31 жаштагы Т.Д., аттуу айдоочу унаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу болсо Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий