• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жаңы парктар, гүлбакчалар жана балдар аянтчалары курулат. Кайсыл жерде?

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңеши 2023-жылдын 31-январындагы токтому менен сейилбактарды, гүлбакчаларды куруу жана жашыл зоналарды, спорттук жана балдар аянтчаларын уюштуруу үчүн жер участокторду бекитүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Токтомго ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы жер участокторго укук белгилөөчү документтерди жол-жоболоштуруу боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзүүгө милдеттендирилди.

Жер тилкелеринин тизмеси:

  1. Көлмө конушундагы Дастан көчөсү - 1,6475 га.
  2. Ч. Айтматов проспекти – ТЧЧК - 0,3 га.
  3. Көлмө конушундагы Алтын-Бешик көчөсү – 0,3025 га.
  4. Элебесов көчөсү – Аул көчөсү – 0,189 га.
  5. Республика көчөсү – Фестиваль көчөсү – 0,2383 га.

Пикир

Оставить комментарий