• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМдин адистери тарабынан 80 миңге жакын адам окутулду

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. КР ӨКМдин адистери тарабынан 78147 жакын адам окутулду. Бул тууралуу КР ӨКМдин статс-катчысы Азамат Мамбетов министрликтин 2018-жылдагы 6 айындагы ишмердүүлүк боюнча 17-июль күнү коллегиянын жүрүшүндө билдирди.

Мисалга, министрликтин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан 22 218 адам окутулса (алардын ичинен 685 адам комплектөө планы боюнча, жерлерге барып окутуу план боюнча 14705 адам, акы төлөп окутууларда 225 адам, мерчемден тышкары окутууларда 6163 адам жана министрликтин 440 өрт-куткаруу кызматкерлери) облустук жана Бишкек, Ош шаардык башкармалыктары тарабынан министрликтин буйругунун негизинде 55 929 адам, жалпысынан 78147 адам окутулган.
Мунун менен бирге, көйгөйлүү да маселер бар экендеги аныкталды. Мисалы, комплектөө планы боюнча каралган категориялар, айрыкча жетекчилик жана командачылык-башчы курам, окууларга жетишээрлик деңгээлде маани бербей өздөрүнүн ордуна орун басарларын, же катардагы адистерди жиберишет. Бул көйгөйдү чечүү ирээтинде, Өкмөт деңгээлинде маселени көтөрүп, чара көрүлсө, аталган категория өздөрү окууларга, машыгууларга толук кандуу катыша башташат деген сунуш айтылды.
Аталган сабактардын максаты - Жарандык коргонуу кызматынын башчыларынын иш-чараларын уюштуруудагы билим деңгээлин жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда кесепеттерин жоюу иш-чараларын уюштуруу боюнча тажрыйбасын жогорулатуу, ал эми жарандардын арасында чукул кырдаалдарда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери тууралуу маалыматты жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий