• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жаңы жылдык жарманке башталды

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Свердлов районунун Чыгыш-5 кичирайонундагы Арбаттын алдында жаңы жылдык жарманке башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманкеде адаттан тыш белектерди сатып алууга мүмкүндүк түзүлөт, анткени бул жерде Свердлов районунун чакан ишканаларынын жана өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары тартууланат.

Ал эми Ленин районунун тургундары үчүн жарманке "Октябрь" кинотеатрынын аймагында жайгаштырылды. Жарманкеде кондитердик азыктар, ар кандай чайлар, жаңы жылдык жасалгалар жана башкалар бар.

Пикир

Оставить комментарий