• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жол эрежесин мыкты билген айдоочуларга “Разбой” киносуна билеттер берилүүдө

Коом 0


Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бишкекте жол эрежесин мыкты билген айдоочуларга “Разбой” киносуна билеттер берилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын кызматкерлери айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакыруу жана маанайларын көтөрүү максатында айдоочулардан сурамжылоо жүргүздү.

Кызматкерлер жол эрежелерин бузган айдоочуларды токтотуп, жол эрежесин канчалык деңгээлде билерин текшерип, баарын билген айдоочуларга протокол түзгөндүн ордуна эскертүү менен бирге жаңы чыккан “Разбой” киносуна билеттерди тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий