• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытайдан Кыргызстанга 1,3 млн сомдук контрабандалык таттуулар алып келинген

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Нарында бажычылар 1,3 млн сомдук контрабандалык таттууларды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, “И.Т.” ЖЧКнын дарегине Кытайдан Volvo жүк ташуучу унаасында кургатылган манго, кабыктагы макадамия товары келген. “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан унаанын жүк бөлүгүнөн декларацияланбаган товар – таттуулар табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, декларацияланбаган товарлардын орточо дүң-базар баасы 1 млн 312 миң 500 сомду түзөт.

Жагдайлар такталып, маселе чечилгенге чейин автотранспорт товары менен “Кыргыз мебель” убактылуу сактоо кампасынын аймагына сактоого коюлган.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 318 миң 252 сомду түздү.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий