• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бишкекте жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Менделеев көчөсүн, Кажысай жана Енисей тар көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоп-түздөө иштери аяктады.

Ал эми Алай жана Балыкчы тар көчөлөрүндө жолду оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда жол асфальт-бетон төшөө үчүн даярдалып жатат. Ошондой эле Керчинский тилкесинде курулуш иштери башталды.

Мындан тышкары, Чүй проспектисин бойлой Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) тротуарды капиталдык куруу иштери жүрүп жатат. Бордюрлар, сугат лотоктору орнотулуп бүттү.

Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) жана Абдрахманов көчөсүндө Жумабек көчөсүнөн Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин (чыгыш тарабы) тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий