• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жарым жылда 58 миңден ашуун баш уй-кунаажын уруктандырылды

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 1-июлуна карата 58 миң 37 баш уй-кунаажын уруктандыруудан өткөрүлдү. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 697 башка көп, тактап айтканда, былтыр 57 миң 340 баш уруктандырылган.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 264 жасалма уруктандыруу пункту өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Белгилей кетсек, айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык асыл тукум "Элита" мамлекеттик ишканасы 1-январдан 1-июлга чейин 3 562 кг суюк азот өндүрүп, региондордогу техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздады.

Пикир

Оставить комментарий