• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйү оңдоо иштерине жабылды

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйү оңдоо-профилактикалык иштерине жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрөт үйү жыл бою COVID-19 инфекциясы аныкталган аялдарды кабыл алып келген.

“Бардык медициналык мекемелер жыл сайын оңдоо иштерин, ошондой эле дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүсү зарыл. Буга байланыштуу төрөт үйү 23-августтан 20-сентябрга чейин жабылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынан белгилешкендей, борбордогу COVID-19га шектүү же тастыкталган диагнозу коюлган төрөтү жакындаган аялдар Ысык-Ата аймактык ооруканасына кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий