• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги № 6 мектеп-гимназиясында спорттук жана жыйын залдары курулууда

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкектеги Панфилов атындагы №6 автордук окуу комплекси мектеп-гимназиясында кошумча имарат куруу иштери жүрүп жатат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жаңы курулуштун ордунда ийрим сабактары өтүүчү эскилиги жеткен имарат болгон. Анын ордуна 2040 чарчы метр заманбап имарат курулат, анда спорттук жана жыйын залдары жайгашат.

Учурда подрядчы уюм тарабынан котлован жана пайдубалдын негизин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ишти республикалык бюджеттин эсебинен «Капитал-Курулуш» ЖЧК подряддык уюму аткарууда.

Белгилей кетсек, азыркы спорттук жана жыйын залдары окуучулардын санына туура келбейт.

Пикир

Оставить комментарий