• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги бир нече кафе той-аштарды өткөрүүдөн баш тартты

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бишкектеги бир нече кафе той-аштарды өткөрүүдөн баш тартты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов райондук акимчилиги район аймагында жайгашкан "Жибек-Жолу", "Фаризат", "Мансур" кафелеринин, "Гранат" чайканасынын, "Ават" банкет залынын жана башка ири кафелердин өкүлдөрү менен өкүлдөрү түшүнүү келишимине кол койду.

"Келишимде ысырапкорчулук жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, курман болгондордун жаркын элесине арналган эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтпөө талаптары камтылган. Ошондой эле каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды иретке келтирүүнү, кыргыз коомунун руханий-адептик маданиятынын негиздерин калыптандырууну жана турукташтырууну, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууну көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Акимчилик тарабынан жүргүзүлгөн иштер КР президентинин "Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу чаралары жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий