• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Улуттук китепканада жазуучу Өскөн Даникеевдин 85 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада кыргыздын белгилүү прозаиги, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына карата “Кара сөздүн зергери” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана чыгармачылык кечеси өткөрүлөт.

Өскөн Даникеев 1934-жылы 21-декабрда Сокулук районундагы Чоң-Жар айылында туулган. Ата-энеден эрте жетим калып, борборубуздагы №5 мектеп-интернаттан тарбияланган. Мектепти жакшы бүтүп, 1951-1956-жылдары Москвадагы тоо-кен институтунан окуган. 1956-1960-жылдары Кыргыз кен ылгоо комбинатынын родниктеринде инженер болуп иштеген. 1960-1962-жылдары Кыргыз ССР эл чарба советинин көмүр өнөр жайы боюнча улуу инженери, 1962-1975-жылга чейин Бишкектеги политехникалык институтунда улуу окутуучу, доцент, 1975-1977-жылдарда СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курстан окуп, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, жазуучулар союзунда консультант, союздун катчысы, 1991-жылы жазуучулар адабий фондусунун жетекчиси болуп иштеген.

Анын чыгармачылык жолу алгач аңгеме жазуудан башталып, калеминен жаралган аңгемелери окурмандардын кеңири сыноосунан өткөн.

1961-жылы “Ала-Тоо” журналына “Бакир” аттуу повести басылып, ошондон баштап республикалык газета-журналдарга чыгармалары үзгүлтүксүз жарыяланып келатат.

Ө.Даникеев чыгармачылык жолунда жаш кезинен көгөрө эмгектенип, сөз зергери деген атакка жеткиче “Кыздын сыры”, “Сыйкырдуу таш”, “Өмүр белестери”, “Кызыл аска”, “Көз ирмемдеги өмүр”, “Көкөй кести”, “Мурас” аттуу бир нече мыкты аңгеме-повесть, романдарды жаратты.

Жазуучунун “Сердце матери”, “Юный Кутуйан” деген чыгармалары орус тилинде жарык көргөн, ошондой эле “Кыздын сыры” повести француз тилине которулган. Башкалардан өзгөчөлөнгөн чеберчилиги, жазуу маданияты жана турмуштук бай тажрыйбасы менен айырмаланган “Көкөй кести” романы өз ордун таап мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду.

Кыргыз прозасына жана педагогика тармагына кошкон барандуу эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, “Ардак белгиси” ордени, медалдар, Ардак грамота менен сыйланган жана 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген ардактуу наам ыйгарылган. 2003-жылы «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» деген наам берилген.

Учурда ак эмгегинин акыбети кайтып, эмгегинин үзүрүн көрүп, дөөлөтүн сүрүп чыгармачылык менен иштеп жашап жатат.

Көргөзмөгө Өскөн Даникеевдин китептери, газеталык жана журналдык макалалар, фотодокументтер коюлду.

Иш-чарага КР президентинин, КР өкмөтүнүн аппараттарынын расмий адамдары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, студенттер катышышат.

Көргөзмөнүн ачылышы 17-декабрда саат 11де болот.

Пикир

Оставить комментарий