• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 8-кабаттан боюн таштаган кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө бүгүн, 16-декабрь күнү болжол менен 05:20лар чамасында жаш кыз 8-кабаттан боюн таштаган.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдиргендей, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага клиникалык өлүм абалында жаш кыз жеткирилген. Ал ооруканадан көз жумган.

Учурда милиция кызматы аталган окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Пикир

Оставить комментарий