• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги эки конуштун ортосунда көпүрө куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Бишкектеги "Алтын-Казык" жана "Калыс-Ордо" конуштарынын ортосунда көпүрө куруу пландалууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Биринчи май районунун аймагында жайгашкан эки конушка көпүрө куруу долбоорун талкуулоого район башчысынын биринчи орун басары Райым Жолдошов, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин, Швейцария өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC), GFA Consulting Group GmbH компаниясынын, "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмесинин, №16МАБдын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында катышуучулар "Бишкекбашкыархитектура" МИге көпүрөнү куруу үчүн жумушчу долбоорду иштеп чыгууга өтүнмө жөнөтүүнү чечишти, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 30% өлчөмүндө кошо каржылоо пландаштырылууда, ал эми калган 70% Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнө алат.

Белгилей кетсек, жолугушуу Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC), Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен "Карылар үчүн ресурстук борбор" КБ, "GFA Consulting Group GmbH" компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Аракет-Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн" өнөктөштүк долбоорунун 1 – фазасынын алкагында өттү.

Жалпы максат жаңы конуштардагы калктын аялуу топторунун жашоо шарттарын жакшыртуу, ошондой эле тургундар менен бийлик органдарынын ортосундагы кызматташтык үчүн жагымдуу климатты түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий