• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Брюсселде "КР – ЕБ" адам укуктары боюнча диалогунун XIII жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. 9-ноябрда Брюссель шаарында кезектеги “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” адам укуктары боюнча диалогунун 13-отуруму өттү. Блу тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу мазмундуу талкуулар жана адам укуктары жаатындагы ар кандай маселелер боюнча маалымат алмашуу менен коштолду.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев башында турган КР делегациясы Европа тарапка Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берди, ошондой өлкөнүн реалдуу абалы жана адам укуктары жаатындагы жетишкендиктери тууралуу объективдүү маалымат берди. Бул чөйрөдө кызматташуунун жана мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон жолдору тууралуу пикир алмашуу болду.

Европанын тышкы аракеттер кызматынын Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Д.Крисслер эки тараптуу мамилелердин позитивдүү динамикасын канааттануу менен баса белгилеп, Кыргызстан менен ЕБ адам укуктарын жалпы жактаарын жана эки тарапты кызыктырган тармактар боюнча тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдирди.

Ачык диалогдун жүрүшүндө делегациялар улуттук кызыкчылыктарды жана адам укуктарын сактоону камсыз кылуу, ошондой эле айрым мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашышты. Тараптар ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү, дезинформация, ошондой эле аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, эмгек мыйзамдарын сактоо жаатында көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар чечим кабыл алуунун ар кандай баскычтарында жарандык коомдун ролу жана анын катышуусунун маанилүүлүгүнө токтолушту. Буга байланыштуу Европа тарап курултайды өткөрүү тажрыйбасы тууралуу маалыматка оң баа берди.

Диалогдун жыйынтыгы боюнча эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну жана мыкты тажрыйба менен алмашууну улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий