• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунан салык кызматтарын ыкчам алууга болот

Коом 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунан жарандар жана ишкерлер салык кызматтарын саналуу убакыттын ичинде ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер-жерлердеги салык органдарында 3 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, бул Борбордо Бишкектеги салык органдарында катталган жарандар жана ишкерлер тейленет.

ИТБда 9 айдын ичинде салык салуу жаатында 116 миң 784 кызмат жана 38 миң 899 башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлдү.

Алсак, салыктык каттоодон 8 миң 751, кайра каттоодон – 1 205, эсептик каттоодон – 118 салык төлөөчү өткөн, ошондой эле 22 миң 695 субъект каттоосун жокко чыгарган.

Дагы 5 миң 612 салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө, 4 миң 501 салык төлөөчү – салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат алышкан.

6315 субъектке экономикалык иш жүргүзүү үчүн патент берилген, ал эми 5 840 субъект салык режимин өзгөртүшкөн.

Мындан тышкары, 8107 салык төлөөчү Салык кызматынын сайтындагы "Жеке кабинетке" кирүү мүмкүнчүлүгүнө, 11 миң 840 адам булуттук электрондук кол тамгага ээ болушту (Инфокомдун продуктусу).

33 миң 953 салык төлөөчү салык мыйзамы боюнча түшүндүрмө алышкан.

Эске салсак, 2021-жылдын 25-ноябрында Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылып, анда борбордун ишкерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, консультацияларды ыкчам жана толук түрдө алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан сырткары 9 мамлекеттик орган жана бир катар мамлекеттик уюмдар кызмат көрсөтүшөт, ошондой эле банктардын филиалдары жайгашкан.

Ишкерлерди тейлөө борбору – бул ишкерлер консультациянын бардык түрүн, мамлекеттик жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн бүтүндөй комплексин ала турган жер. Анын ичинде каттоодон, кайра каттоодон өтүү, отчетторду тапшыруу, маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксаттарды, консультацияларды жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу.

Борбор ишкерлерди шаардын райондук салык органында катталгандыгына карабастан кызмат көрсөтөт.

Борбордун дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу пр., 381, / Ибраимов көч.

Пикир

Оставить комментарий