• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ошто соцтармак аркылуу террористтик уюмдун материалдарын тараткандар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Ошто социалдык тармак аркылуу тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Фейсбук" социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.

7-сентябрда "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун Ноокат районундагы 6 активдүү мүчөсүнүн, Кара-Суу районундагы 1 активдүү мүчөсүнүн жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкарталар, СD-дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий