• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себеби айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу турак-үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы күйүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, тилсиз жоонун айынан ошондой эле 3 кондиционер, 22 пластик терезе күйүп кеткен.

Куткаруучулар тарабынан 70 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий