• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги тик учак кырсыгынан жабыркагандардын саны 10 адамга жетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Бишкектин четинде Ми-8 тик учагынын кыйрашынан жабыркагандардын саны 10 адамга жетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин бир адам каза болгону маалымдалган.

"Жабыркаган 10 адамдын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, анын экөөсүнүн абалы өтө оор деп бааланууда, алты адам орточо жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан бул окуянын жагдайларын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий