• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Абай жана Юнусалиев көчөлөрүндөгү тротуарлар оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Абай жана Юнусалиев көчөлөрүндөгү тротуарлар оңдолууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштери Абай көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн чыгыш тарабында жүргүзүлүүдө.

Курулуш учурунда эски асфальты сыйрылып, таман таштар алынды, тротуарга тосмо таштары орнотулуп, тротуардын кыртышы даярдалып, асфальт төшөлүүдө.

Жалпы узундугу 880 погондук метрди түзгөн тротуар аба ырайынын ыңгайлуу шартына ылайык жакынкы күндөрдө бүткөрүлөт.

Ошондой эле Юнусалиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Баторго чейинки бөлүгүнүн эки тарабында тең тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Тротуардын узундугу 1 600 погондук метрди түзөт. Учурда эски асфальтты кыруу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий