• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектин райондорунун бирине калдыктарды сорттоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасы Октябрь районундагы булакта, башкача айтканда контейнер аянттарында катуу калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “БСП” МИнин директору Адил Назаров билдирди.

Анын айтымында, пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында таштандыларды бөлүп чогултууну кеңири жайылтуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

“Келечекте бул комплекс борбор калаада кайра иштетүүчү ишканалардын курулушуна инвестиция тартуу үчүн керектүү аянтчаны түзүп берет. Ошентип, Бишкек мэриясы “калдыктан кирешеге” принцибин ишке ашырууга киришет”,-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий