• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда 1-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. 31-мартта жана 1-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий