• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Назаров “Борбордогу катуу тиричилик калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. “Бишкек санитардык полигону” (БСП) муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Борбор шаардагы катуу тиричилик калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, долбоордун жалпы баасы 22 млн еврону түзөт, анын ичинен 11 млн кайтарымсыз негизде жана 11 млн насыялык келишимде берилүүдө. 2021-жылы 2-мартка карата долбоор боюнча 10 млн 543 миң 633 евро өздөштүрүлдү, өздөштүрүлө элек сумма – 4 млн 138 миң 853 еврону түзөт.

Долбоордун максаты Бишкекте катуу тиричилик калдыктар башкармалыгынын тутумдуу механизмин түзүү болуп саналат.

Атап айтканда:

  • таштандыларды чогултуу, ташуу жана утилдештирүүдөн баштап, башкаруу тутумун өркүндөтүү;
  • шаардагы таштанды полигонун рекультивациялоо, жаңы таштанды полигонун жана таштанды чыгаруучу заводду куруу аркылуу экологиялык абалды жакшыртуу;

“Долбоордун маанилүү компоненттеринин бири болуп экологиялык аспект болуп саналат. Ошондуктан долбоорду башкаруу процесси орнотуу, техникалык тейлөө баскычтарында, ошондой эле учурдагы таштанды полигонун жабуу жана акырындык менен колдонуудан чыгаруу учурунда айлана-чөйрөнү коргоо чаралары ар тараптуу эске алынышын камсыз кылууга багытталган”, - деди ал.

Мындан тышкары, “БСП” ишканасынын башчысы 2021-жылы 1-мартка карата долбоорду ишке ашыруу тууралуу маалымат берди.

Ошентип, 14 млн 68 миң еврого 8 келишим түзүлдү.

Анын ичинен:

  • 3 млн 74 миң еврого 5 келишим толугу менен бүттү;
  • Контейнер аянты боюнча 1 млн 7 миң еврого 1 келишим жарым-жартылай бүттү;
  • Азыркы полигонду жабуу жана зыянсыздандыруу жана жаңы полигон куруу боюнча 9 млн еврого 2 келишим ишке ашыруу баскычында;
  • 6 млн 6 миң еврого бааланган 3 келишим тендерлерди өткөрүү баскычында турат.

Аталган долбоор боюнча төмөнкү компоненттер бүткөрүлгөнү белгиленди:

  • BSWM-1 “Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн контейнер аянтчаларын реконструкциялоо”.

1 миң 439 контейнер аянтын калыбына келтирүү жана куруу үчүн келишимдин баасы 1 млн 757 миң 269 евро.

Келишимди аткаруунун мөөнөтү 2018-жылы 30-апрелде бүткөн.

Келишимдин алкагында подрядчик тарабынан 958 контейнер аянтча пайдаланууга берилген.

Кардар 1 млн 143 миң 957 евро төлөнгөн.

Калган 90 контейнер аянтча боюнча бүтүү бөлүгүндө аткарылып жатат.

  • BSWM-2 “Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн контейнерлер менен камсыздоо”

Аталган учур эки лотту камтыйт:

  1. Евро контейнерлер жана пластик бактарды жеткирүү;
  2. Алынып салынуучу контейнерлерди жеткирүү.

2016-жылы 26-апрелде келишим боюнча жалпы 5 миң 326 даана евроконтейнер, Бишкек шаарындагы мектептерде экинчи чийки заттарды чогултуу үчүн 300 даана (50 литр) желим идиштер, 1 миң кошумча дөңгөлөк жана КТК чогултүү үчүн 15 даана алынып салынуучу контейнерлер жеткирилди.

Келишимдин наркы 1 млн 512 миң еврону түздү.

BSWM-2 келишим боюнча контейнерлерди жеткирүү толук көлөмдө бүттү.

Белгиленгендей, 2016-жылы ноябрда жеткирүүчүлөр кепилдик кызмат катары “Тазалык” МИ үчүн кошумча 100 евро-контейнер акысыз жеткиришкен.

- BSWM-3 “КТК чогултуу үчүн транспорт каражаттарын жеткирүү”

Аталган компонент эки лотту камтыйт:

1. КТК чогултүү үчүн транспорт каражаттарын жана полигон үчүн атайын техника сатып алуу”.

Ошентип, 2016-жылы 25-январда BSWM-3 келишими боюнча 1 млн 471 миң еврого “Мценск коммуналдык машина куруу заводу” ААК менен келишимге кол коюлган. Келишимде 28 даана таштанды чыгаруучу, илгичи бар бир унаа жеткирүү каралган. Таштанды чыгаруучу унаалар 2016-жылы 25-майда толугу менен жеткирилген.

1. “3 жол курама унаасын жеткирүү”

2016-жылы 20-январда BSWM-3 алкагында 195 миң еврого 3 жол курама унаасын жеткирүүгө “Рост трейд” ТОО, “Маз борбор Казакстан” жана “Маз борбор Алмата” ишканалары менен келишимге кол коюлган. Жеткирүү өз мөөнөтүндө аткарылган.

Техникалар “Тазалык” МИ тарабынан колдонулуп келет.

- BSWM-4 “Полигон үчун атайын техникаларды жеткирүү”

Аталган компонент 3 лотту камтыйт:

Алгачкы 2 келишимдин наркы 163 миң еврону, ал эми үчүнчү 399 миң 399 еврону түзгөн.

Бул техника жаңы санитардык полигонду курууда колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий