• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Садыбакасов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бишкектин “Арча-Бешик” конушундагы Садыбакасов көчөсү Эр-Тайлак көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү 17-марттан баштап оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти айдоочуларды альтернативдүү жол катары Чортеков көчөсүн тандоого чакырат.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий