• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы отказандарды кышка даярдоодо

Коом 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы отказандарды кышка даярдоодо.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, башкы инженер борбор калаанын батыш тарабындагы мектептерди, социалдык мекеме, ишканаларды, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыздаган №6 тилкеде жайгашкан откананын кышка даярдыгын текшерди.

Иш-чаранын алкагында башкы инженер аталган отканага караштуу №40, №59, №7 мектептерди, Лев-Толстой, Тойгонбаев көчүсүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жылыткан отказандардын абалын көрдү.

Эске салсак, №6 тилкедеги откана Ленин районуна караштуу №82, №96, №59, №40, №74 Биринчи май районуна тиешелүү №54, №19, №41, №15, №49 мектептерди жана Чайковский, Лев Толстой көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздайт. Отканада бардыгы 14 отказан бар.

Пикир

Оставить комментарий