• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Боронов: Биз өлкөлөрүбүздүн экологиялык коопсуздугун камсыздоонун пайдубалын курдук

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.18 /Кабар/ «Борбор Азиядагы көп сандаган уран калдыктарын сактоо жайларын башкаруу маселесин чечүү - узак мөөнөттүү маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат», - бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Нью-Йоркто (Америка Кошмо Штаттары) Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын «Борбор Азиядагы радиациялык коркунучту алдын алуудагы эл аралык коомчулуктун ролу» жаңыланган Резолюциясын кабыл алуу маселелери боюнча атайын иш-чарада сөз сүйлөө учурунда билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдар бою айлана чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү маселелери эл аралык коомчулуктун глобалдык артыкчылыктар тизмесинде ишенимдүү түрдө алдынкы орундарга жылууда.

«Бул тармакта адамзатынын алдында турган маселелерди чечүүгө көп тараптуу мамиле катуу бекемделип калганы маанилүү. 2013-жылы Борбор Азиядагы уран калдыктарынын маселесин чечүү боюнча атайын резолюция кабыл алынган мезгилдин ичинде биз радиациялык жана экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүдө бир кыйла прогресске жетиштик. Анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен биздин аймакта Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Көп тараптуу фондунун финансылык каражаттарын натыйжалуу аккумуляциялоо үчүн айлана чөйрөнү баалоо жана конкреттүү механизмди түзүү боюнча изилдөөлөр өткөрүлдү. Мындан тышкары Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги менен тыгыз кызматташтыкта Борбор Азияда уран калдыктарынын объектилерин рекультивациялоо боюнча Стратегиялык мастер-план иштелип чыкты, ал бул аянтчаларды рекультивациялоого натыйжалуу мамиле кылуу боюнча бөтөнчө жол картасы болуп саналат», - деп маалымдады Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, БУУнун Башкы Ассамблеясынын жаңыланган резолюциясын кабыл алуу Борбор Азияда уран калдыктары көйгөйлөрүн чечүүдө мындан аркы эл аралык жардам тартуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо менен байланыштуу комплекстүү мамилени колдоо боюнча активдүү күч-аракеттерди кабыл алуу ниети үчүн бекем негиз болот.

«БУУнун жаңы Резолюциясын кабыл алуу уран калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоого багытталган жаңы программаларды жана биргелешкен чараларды илгерлетүүнү өбөлгөлөйт. Бүгүн биз Борбор Азия аймагынын өлкөлөрү үчүн радиациялык-коркунучтуу экологиялык катастрофалардын пайда болуу тобокелдигин төмөндөтүүнү камсыздоодогу маанилүү иш-чаранын күбөсү болдук. Биз өлкөлөрүбүздүн экологиялык коопсуздугун камсыздоонун пайдубалын курдук. Кыргыз Республикасы өз кезегинде өзүнө алган бардык милдеттерин жана жетишилген макулдашууларды аткарууга болгон күч-аракетин жумшайт», - деп жыйынтыктады биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий