• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Баткендин жабыркаган тургундары тарабынан алынган 250 кредит кечирилди

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Коммерциялык банктар 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда орун алган окуядан жабыркаган жана насыясы бар жарандар менен иш алып барууда. Учурда жалпы суммасы 13,5 млн сомдук 250 кредит кечирилип, 2,5 млн сом суммасындагы 13 кредит реструктуризацияланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Ак-Сай айылынын четинде чакан чарбаны чоң ишканага - канаттуулар фабрикасына айланткан ишкер курман болгонун билесиңер. Анын дээрлик 9 млн сомго жакын банктагы карыздары жабылды. Мен бул компанияга жеке өзүм бардым. Канаттуулар фабрикасы калыбына келтирилет жана кеңейтилет. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө», - деди ал.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий