• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бостери айылында 18 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Бостери айылында 18 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-август күнү Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Золотые Пески” пансионатынын аймагында көлгө 2002-жылы туулган өспүрүм чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий