• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Бул мамлекеттин ички иши". Камила Талиева МамДуманын депутатынын сөзүнө жооп берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Бишкектин 4 районунун аталышын кыргызчалоо сунушуна байланыштуу Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын билдирүүсүнө жооп берди..

Талиева баса белгилегендей, Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат.

"Баш мыйзамыбызда Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргызстандын жарандары түзөрү баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет.

Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловк шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү.

Мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу Совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырам", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, күн мурун, 25-ноябрда өз ишин баштаган биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын өзгөртүүнү сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий