• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Сауд Аравия соода-экономикалык байланыштарды чыңдайт

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия) жумушчу сапарынын алкагында 24-ноябрда Сауд Аравиянын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул жаатта үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында Эр-Риядда эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын катышуусунда өткөн кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин ишинин жыйынтыгы оң бааланды. Анын жыйынтыгында тараптардын жакынкы жана орто мөөнөттүү келечектеги иш-аракеттерин камтыган Протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары, тараптар президент Садыр Жапаровдун жакынкы арада Сауд Аравияга расмий сапарын уюштуруу маселесин, ошондой эле Сауд Аравиянын алдыңкы компанияларынын Кыргызстанга боло турган иш сапарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий