• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда дагы төрт Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Быйыл Ысык-Көл облусунда дагы төрт Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте брифинг учурунда санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.

Анын айтымында, калкы тейлөө борборлорун ачуу июль-августка жана жылдын аягына пландалган.

“Бул Калкты тейлөө борборлорунда тейлөөнүн натыйжалуулугу жогорулайт деп ишенебиз. 1-июндан тарта Калкты тейлөө борборлору жаңы график менен 8:00дөн 20:00гө чейин иштеп жатат. Кызматкерлер 3 нөөмөттө иш алып барууда. Муну менен жарандарды тейлөө жеңилдеди", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий