• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Centerraнын директорлор кеңешинин кыргыз тарабынан мүчөлөрү жоопко тартылабы? УКМКнын жообу

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында көп жылдардан бери кен казган жайдагы мыйзамсыз иштерге көз жумуп келишкен директорлор кеңешинин кыргыз тарабынан мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылышабы деп сурады.

Centerra Gold Inc компаниясынын Кыргызстандын атынан директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бири Теңиз Бөлтүрүк кеңеште ага таасир эте турган эреже бар, эгер кеңешке таасир этүү үчүн каршы 8 добуш алуу керек, эгер аны ала албасаң чечимге эч кандай таасир эте албай турганын билдирди.

Өз кезегинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын жарандары көп акча алып турушкан деп белгиледи. “Бизде бул жарандардын тизмеси бар. Алардын ар бири суралат. Эгер алар мыйзамсыз аракеттерге аралашкан болсо, жоопкерчиликке тартылышат”,-деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий