• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунун аймагында наркологиялык лабораторияга бөгөт коюлду

Коом 0


Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 4 кг жакын мефедрон жана 425 кг прекурсорлор алынып, наркологиялык лабораторияга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына жайылтылган синтетикалык баңгизаттарды колго жасоо менен алектенген жашыруун баңги лабораториясын жок кылуу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү. Анын жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм 790 грамм мефедрон психотроптук заттар жана 425 кг ашык прекурсорлор алынды.

Дарылар даярдалган лаборатория Аламүдүн районунун Прохладное айылында жайгашкан. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда баңгилабораторияны уюштурууга шектүү катары коңшу өлкөнүн эки жараны 1999-жылы туулган Г.Д. жана 1994-ж.т. П.А.кармалган.

Тинтүү учурунда кампанын тиркемесинде жасалма баңгизаттарды колго жасоочу лаборатория үчүн жабдылган бөлмө табылган.

Баңги лабораториясында салмагы 3 кг 790 граммды түзгөн мефедрон психотроптук заты салынган желим баштык, белгисиз суюктук толтурулган 25 канистр, ошондой эле атайын жабдуулар, бир нече аппараттар, насостор, таразалар табылган жана алынган, чака, колба жана ар кандай көлөмдөгү жана формадагы башка айнек идиштер алынган. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 425 килограммды түзгөн.

Ошентип жалпы суммасы 20 млн сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлган. Баңги лабораторияны уюштурган П.А. экени аныкталып, кампаны ижарага алгандыгы тастыкталды. Ал социалдык тармактар аркылуу синтетикалык баңгизатын өндүрүү үчүн материалдарды сатып алып турган. Андан кийин Г.Д. жаран менен биргеликте дагы бир дары лабораториясын ачууну көздөшкөн.

Кылмышка шектүүлөргө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий