• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунун аймактарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Чүй облусунун аймактарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун башчысы Нурил Алымбаевдин катышуусу менен облустук администрациянын имаратынын алдында мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болуп өттү.

Ошондой эле Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясында, райондун бардык айылдарында Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чарага катышкан Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов майрамдын маанисине кенен токтолуп, кыргыз эли туу тутунган Туусу түбөлүк желбиреп, мамлекеттин өнүгө берүүсүн тилек кылды.

Пикир

Оставить комментарий