• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадагы чыр. Баткендеги медициналык уюмдар күчөтүлгөн режимге өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча, 14-сентябрь, саат 10:00гө карата облустун медициналык мекемелерине чек арадагы чырдан жабыркагандар түшкөн жок.

Баткен облусунун бардык медициналык мекемелери жана тез жардам кызматтары күчөтүлгөн режимге өттү."Стационарларда кандын компоненттери, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн кайрадан кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды.

КР УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, - деп айтылат маалыматта.

Ал ортодо Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий