• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чет жакта жүргөн кыргызстандыктар Баткендеги аймактык ооруканаларга жардам көрсөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Чет жакта жүргөн кыргызстандыктар Баткендеги аймактык ооруканаларга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Америкада, Россияда, Бишкекте эмгектенип жүргөн Лейлек районунун атуулдары, аймактык ооруканаларга пандемия менен күрөшүүдө зарыл болгон кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр, термометр, коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды, ошондой эле 250 миң сомдук клексан, гепарин дарыларын беришти.

Мындан сырткары, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жаштары биргеликте 100 керебет жасатып, күндүзгү стационар үчүн колдонууга тапшырышты.

Келген жардамдар муктаждыкка жараша ооруканаларга бөлүнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий