• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чыңгыз Айдарбеков КРнын тышкы иштер министри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацынын негизинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Өмүр баяны:

АЙДАРБЕКОВ ЧЫҢГЫЗ АЗАМАТОВИЧ - Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укутуу Элчиси.

1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимге ээ. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болду. 2001-жылы – ошол эле университетинде “Юриспруденция” боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура денгээли ыйгарылды.

Эмгек иш-аракетин 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ башкы Башкармалыгында атташе кызмат оордунда баштаган.

2001-2003 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ башкы Башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өткөн.

2003-2005 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы.

2005-2008 жж. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү.

2008-ж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча Бөлүмүнүн жетекчиси.

2008-2010 жж. Кыргыз Республикасынын Туркмөнистандагы Элчилигинин кеӊешчиси.

2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

2012-2016 жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчиси.

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси (Президенттин Жарлыгы 18 апреля 2016 года УП № 102).

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде кызмат өткөн мөөнөтүнүн ичинде бир нече ийгиликтүү уюштурулган жана өткөрүлгөн иш-чаралардагы жигердүү катышуусу үчүн алкыш жарыяланган, өздүк делосуна киргизилген.

2011-жылы натыйжалуу жана чын дилинен аткарган кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти атынан алкыш жарыяланган.

2012- жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасынын атынан алкыш жарыяланган, өздүк делосуна киргизилген.

2014-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган.

2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси” дипломатиялык рангы берилди.

Англис тилинде эркин сүйлөйт.

2014-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 70-жылдык” медалы ыйгарылды.

Эл аралык кылмыш укугу жана тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10 дон ашык илимий макалалардын автору.

Эске салсак, Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан 12-октябрда кеткен.

Пикир

Оставить комментарий