• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19. 625 бейтап ооруканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 625 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен оор абалда болгон 22 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ошондой эле оорунун байкалбаган 4 миң 131 бейтап үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус жуктурган 314 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7691ди түзөт. Алардын ичинен 2843 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 92 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий