• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 50 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 50 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 23, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 7, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 6, Баткен облусунда бир, Ысык-Көл облусунда 5 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада үч медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1147 учур катталды, алардын ичинен 503 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус жуктурган 314 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7691ди түзөт. Алардын ичинен 2843 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 92 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий