• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Бишкек шаардык штабынын кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында штабдын мүчөлөрү коронавирустук инфекциянын жайылышын, борбор калаадагы курч кырдаалды, калкты эмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Штабдын отурумунун жыйынтыгында райондук администрацияларга жергиликтүү калк арасында коронавирустук инфекцияга каршы вакцинаны алуунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Борбор калаанын мэриясы бардык сактык чараларын, санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону, беткап кийүүнү, социалдык аралыкты сактоону, антисептиктерди колдонууну, имараттардын ичин желдетип турууну жана эмдөөдөн өтүүнү суранат.

Эмдөө - бул вируска каршы күрөшүүнүн бирден-бир эффективдүү ыкмасы.

Пикир

Оставить комментарий