• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин борборунда электр жарыгы жок — “Электр станциялары” ишканасы анын себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда, саат 10:04тө Бишкек ЖЭБинде Т-2 трансформатору өчүп калган. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, натыйжада 35 кВ жана 6 кВ чубалгылары өчүрүлүп, 35 кВ Пенко-Джутовая кабелдик чубалгысы - 1 жана 2, 35 кВ кабелдик линия Энергострой жана 35 кВ кабелдик линия Автомаш. 6 кВ ГРУдан чыккан КЛ 6 электр зымдары электр кубатынан ажыратылды.

"Кырдаал көзөмөлгө алынды, ушул тапта кызматкерлер шаймандарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Саат 12:00гө чейин Т-2 трансформатору ишке киргизилет, электр энергиясы калыбына келтирилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий