• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19 Кыргызстанда. Коронавирус жуктурган 6 бейтап реанимацияда жатат, 10 адамдын абалы орточо оор

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 6 бейтап реанимацияда жатат, дагы 10 адамдын абалы орточо оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал, учурда коронавирус жуктургандардын саны 44 жетерин айтып, алардын абалы тууралуу маалымат берди.

"Мурда 1 адам реанимацияда болсо, дагы беш адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, дарыланууда. 10 адамдын абалы орточо оор. Ал эми калгандарынын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Анын айтымында, оорунун белгилери, температура, жөтөл байкалгандыктан ооруканага жаткырылган адамдар бар. Алардын ичинен анализдери оору жок экенин көрсөтүп, КРВИ, сасык тумоонун белгилери кеткен жарандар үйүнө чыгарылууда.

"34 адам канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди Акматова.

Эске сала кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий