• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутат Рыспаев: «Кыргызалтын» өзүн реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок

Коом 0

Бишкек, 12.03.19 /Кабар/. «Кыргызалтын» компаниясы өзүн реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок». Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев «Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызалтын» компаниясынын штаты чоӊ. Азыр анын аппаратында 120 адам иштейт. Компания башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан берки 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок.

Депутат «Кыргызалтын» компаниясына караштуу кен кору түгөнүп, эбак жабылып калган «Макмал» кен ылгоо ишканасында азыр 130 адам иштейт деген маалыматты эске салып, муну кандай түшүнсө болорун сурады.

«Ишканада 70 адам иштейт делсе, аны 50 адам кайтарат экен, ушу кантип болсун. «Кыргызалтын» мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар компаниябы же бирөөнүн жеке менчик ишканасыбы? Анын аппаратын кыскартыш керек, жарытылуу деле иш жасаган жок», - дейт Рыспаев.

Пикир

Оставить комментарий