• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕАЭБ ЖОЖдору биргелешип билим берүү туризмин өнүктүрө алат

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. ЕАЭБ жогорку окуу жайлары биргелешип билим берүү туризмин өнүктүрө алат.

Россиянын Мамлекеттик башкаруу университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Владимир Строев Евразиялык экономикалык форумда ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү билим берүү туризминин келечеги тууралуу айтып, Россиянын тажрыйбаны негиз катары алууну сунуштады.

“Буга чейин билим берүү туризми чет өлкөгө окууга баруу катары кабыл алынып келген. Пандемиядан кийин башка формалар пайда болушу мүмкүн экени белгилүү болду. Россияда студенттер университеттердин башка филиалдарында окууга укуктуу, айрыкча билим берүү системасы бардыгы үчүн бирдей экендигин эске алуу менен. ЕАЭБ өлкөлөрү мындай билим берүү программасына кошулушу керек”, — деди Строев.

Пикир

Оставить комментарий